Ооба, бирок бул карталар сиздин эсебиӊизге байланган болот. Tinkoff Россиядан сырткары жерлерге картаны жеткирбейт, эгер кошумча картаны жакындарыӊызга бергиӊиз келсе, анда аны Россиядан алып, аларга өз алдынча бериӊиз.
Мобилдик тиркемеде кошумча картаны тариздеӊиз:
- Башкы беттеги эсептердин тизмесинен картаны чыгарып жаткан эсепти тандаңыз.
- «+» белгисин басыӊыз→«Выпустить новую карту».
- Картаны кимдин наамына чыгарууну тандаӊыз: сиздин же сиздин тууганыӊыздын.
Өтүнмө бергенден кийин, биз сизге картаны сизге ылайыктуу жерде жана убакытта алууну сунуштайбыз. Картаны жеткирүү бекер. Сизге картаны жакын адамыӊызга жолугуп тапшыруу гана калат.
Сиз лимит белгилей аласыз — анда кошумча картанын ээси белгиленген суммадан ашык корото албай калат.
Кошумча карта үчүн лимитти Tinkoff тиркемеси же tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинет аркылуу белгилөөгө болот.
1. Эгер лимитти биринчи жолу белгилеп жатсаӊыз, тиркемеден картаны тандаӊыз → «Лимит по карте» же «Установить лимит» басыңыз.
Жеке кабинетиӊизден эсептер тизмегинен картаны тандаӊыз → «Лимиты» дегенди басыңыз.
2. Кошумча карта боюнча сарптоого мүмкүн болгон сумманы жазыӊыз.
3. Лимиттин тибин тандаӊыз:
- жумасына — лимит жума сайын жаӊыртылып турат;
- айына — лимит ай сайын жаӊыртылып турат;
- мөөнөтсүз —карта боюнча тандалган суммадан ашыкча коротууга болбойт. Уруксат берилген сумма сарпталганда, лимитти кайра жаӊыртууга же аны ар бир айлык кылууга болот.
4. «Готово» дегенди басыӊыз — лимит белгиленди.
Интернеттеги сатып алууларды чектөө үчүн картаны тандаӊыз → «Настройки карты» пунктуна чейин төмөн карай барактаӊыз → «Покупки в интернете» дегенди өчүрүӊүз.
Эгер картадан акчаны чыгарып алуу мүмкүн болушун каалабасаӊыз, анда бул мүмкүнчүлүктү мобилдик тиркемеден өчүрүп коюӊуз: «Главная» бөлүмүнөн картаны тандаӊыз → «Настройки карты»→ «Снятие наличных». Накталай акча керек болуп калган учурда, бул опцияны тез эле кошуп коюуга болот.