Сиз акчаны Tinkoff мобилдик тиркемесинде жана tinkoff.ru сайтында жеке кабинетиңизде «Платежи» бѳлүмү аркылуу каалаган банкыңыздын картасына которо аласыз. Эгер биз тараптан комиссия болсо, ал тууралуу алдын ала эскертебиз.
Tinkoff мобилдик тиркемесинде жана жеке кабинетте: «Платежи» → «Переводы» → «По номеру карты» дегенди басыңыз. Алуучунун картасынын номерин, которула турган сумманы жазыңыз да, «Перевести» дегенди басыңыз.
Tinkoff картасына которуулар каалаган суммага комиссиясыз жүргүзүлѳт. Башка банктарга которууларга комиссия которуу ыкмасына жараша болот:
- эсептин реквизиттери боюнча — 0%;
- тез тѳлѳмдѳр тутуму аркылуу — 0%;
- картанын же телефон номери боюнча 20 000 ₽га чейин эсептешүү мѳѳнѳтү үчүн — 0%;
- картанын же телефон номери боюнча Tinkoff Prого жазылуу менен 50 000 ₽га чейин эсептешүү мѳѳнѳтү үчүн — 0%;
- картанын же телефон номери боюнча 20 000 ₽дан жогору — ашкан суммадан 1,5%, минимум 30 ₽.
Ѳз карталарына которууда башка банктар кошумча комиссия алышы мүмкүн.
Акчаны каалагандай которууга болот. Акчанын түшүшү которуунун тибине кѳз каранды:
- Tinkoffтун картасына — дароо;
- башка банктардын картасына — бир нече секундадан бир календарлык күнгѳ чейин;
- банк эсебине — бир нече секундадан бир календарлык күнгѳ, айрым учурларда 5 иш күнгѳ чейин.
Эгер бул мѳѳнѳттѳр ѳтүп кетип, которулган акча келбесе, тиркемедеги чатка жазыңыз — биз териштиребиз.
Которуунун максималдык суммасы — 150 000 ₽. Бир суткада бир картадан 10 жолкудан ашык эмес которууга болот.
Visa тѳлѳм тутумунун дагы чектѳѳлѳрү бар:
- сумма боюнча: бир суткада 175 000 ₽дан ашык эмес, 4 күндѳ 300 000 ₽га чейин;
- которуулардын саны боюнча: бир суткада 10 жолкудан ашык эмес, 4 күндѳ 30га чейин которуу.
Мында башка банктарда банктар аралык которуулардын жардамы менен толтурууга ѳзүлѳрүнүн чектѳѳлѳрү болушу мүмкүн. Эгер сизге мындай лимит туш келсе, ал тууралуу сизге кабарлайбыз жана которууну жүргүзбѳйбүз.