Tinkoff тиркемелери

Tinkoff’тун бардык продукттарын эми кантип колдонууга болот? Банктын тиркемелери иштейби?

Эгер тиркеме мурунтан эле орнотулган болсо, анда баары жайында, эч нерсе кылуунун кереги жок: ал иштей берет. Тиркемелерди кантип жаңыртуу керек

Эгер сизде iOS’то колдонулбаган тиркемелердин автоматтык түрдө жок болуусу жөндөлсө, аны өчүрүңүз:

  1. «Настройки» баскычын басып, тизмеден App Store дүкөнүн табыңыз.
  2. Экранды ылдый жылдырып, «Сгружать неиспользуемые» тумблерин өчүрүңүз.

Эгер сизде тиркеме жок болсо, муну кантип жасоо керек.

Мындан тышкары, бардык Tinkoff кызматтарын tinkoff.ru жеке кабинетте колдонууга болот. Жеке кабинетке кантип кирүү керек

Tinkoff тиркемесин iPhone’го кантип жүктөп алса болот?

Эгерде сиз жаңы эле Tinkoff картасын тариздеген болсоңуз, анда биздин өкүл жакында сизге документтерди алып келип, жолугушууда тиркемени орнотууга жардам берет.

Эгер жолугушуу пландаштырылбаса, смартфондун браузери аркылуу tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетиңизге кириңиз жана Tinkoff иконкасын негизги экранга коюңуз. Жеке кабинетке кантип кирүү керек

Android’деги тиркемелер менен эмне болот?

Android үчүн Tinkoff тиркемесин жүктөп алса болот:

iOS’то тиркемелерди кантип жаңыртса болот?

Тиркеменин жаңы версиясынын ордуна tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетти колдонуп, телефондун экранына анын иконкасын койсоңуз болот.

tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетке кантип кирүү керек

Tinkoff жеке кабинеттин иконкасын iPhone’дун башкы экранына кантип коюуга болот

Мен Tinkoff картасын тариздедим, өкүл менен жолугушууну кантип белгилейм жана тиркемени кантип жүктөп алам?

Өкүл жолугушуу убактысын жана ордун ырастоо үчүн сиз менен байланышат.

Өкүл жаңы кардарларга жолугушуу учурунда тиркемени орнотууга жардам берет.

Менде Tinkoff тиркемеси жок. Колдоо кызматы менен кантип байланышса болот?

Tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетиңиздеги чат аркылуу же 8 800 333‑33‑33 телефону аркылуу.

Бардык телефондордун тизмеси

Менде бир гана Tinkoff колдонмосу бар, бирок мага башкасы дагы керек — мисалы, Tinkoff Инвестиции (Tinkoff Инвестициялар). Эмне кылыш керек?

Смартфондун браузери аркылуу tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетиңизге кириңиз жана негизги экранга Tinkoff иконкасын коюңуз. Жеке кабинетке кантип кирүү керек

Tinkoff тиркемесин жүктөп алуу болбой жатса, эмне кылуу керек?

Тиркемеге альтернатива катары жеке кабинетиңизди колдонсоңуз болот — ал Tinkoff менен кадимкидей колдонууга мүмкүндүк берет. Телефон номери аркылуу авторизация кылыңыз.

Tinkoff’то ар кандай жеке кабинеттер бар:

Tinkoff.ru сайтындагы жеке кабинетке кантип кирүү керек?

Tinkoff.ru сайтына кирип, жогорку оң бурчтагы «Жеке кабинет» баскычын же киши сүрөтчөсүн басыңыз. Андан соң киргиңиз келген жеке кабинетти тандаңыз:

Жеке кабинетте авторизациядан өтүү үчүн:

  1. Өтүнмөнү тариздегенде көрсөткөн телефон номерин киргизиниз.
  2. Телефонго бир жолку коду бар СМС келет — ал кодду кийинки экранда киргизиңиз.
  3. Жеке кабинетке биринчи жолу кирип жатканда орноткон сырсөздү киргизиңиз. Эгер сырсөздү унутуп калган болсоңуз, «Сырсөздү унуттум» баскычын басып, нускаманы жолдоңуз.
  4. Даяр. Телефондун экранына жеке кабинеттин тез чакырмасын кошуп алыңыз, ошондо банкка ылдам киресиз. Башкы экранга тез чакырманы кантип кошсо болот

Tinkoff жеке кабинетинин иконкасын iPhone’дун башкы экранына кантип кошуу керек?

Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз:

  1. Мобилдик телефонуңуздан Safari браузери аркылуу tinkoff.ru сайтына кириңиз.
  2. «Поделиться» иконкасын басып, менюдан «На экран „Домой“» дегенди тандаңыз.

Джуниор карталары бар балдардын iPhone’догу Tinkoff колдонмосу менен эмне болот?

Балдар буга чейин жүктөлгөн тиркемени колдонуп, мурункудай карта менен төлөй алышат.

Эгер Tinkoff тиркемеси баланын iPhone телефонуна орнотулбаса, бардык операцияларды тиркемеде же жеке кабинетте ата‑энелер аткара алышат. Биз азыртан эле балдар үчүн чечимдин үстүндө иштеп жатабыз.

Tinkoff Подпись тиркемеси менен эмне болот?

Android түзмөктөрүндөгү тиркеме менен баары жайында: аны жүктөп алып, мурункудай эле колдонсо болот.

Эгер сизде iPhone болсо жана тиркеме мурунтан эле орнотулган болсо, аны адаттагыдай эле колдонууга болот. Эгерде тиркеме жок болсо, аны орнотуу азырынча мүмкүн эмес — биз көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Браузер Tinkoff жеке кабинеттин барагын башка тилге которушу үчүн кирүүнү кантип жөндөш керек?

Бул үчүн «Платежи» бөлүмүнө алып баруучу иконканы сактап коюу керек. Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

  1. Мобилдик телефонуңуздан Safari браузери аркылуу tinkoff.ru сайтына кириңиз.
  2. Телефон номериңиз боюнча жеке кабинетиңизге кириңиз, СМСтеги код менен кирүүңүздү ырастап, сырсөздү жазыңыз.
  3. Төлөмдөр бөлүмүнө өтүңүз. «Поделиться» баскычын басып, менюдан «На экран „Домой“» дегенди тандаңыз. «Добавить» дегенди басыңыз.

Даяр! Эми жеке аккаунтуңузга киргенде, браузер барактарды автоматтык түрдө башка тилге которо алат.

Кырдаал менен эмне кылууну пландап жатасыздар?

Тиркемелерди App Store’го кайтаруу үчүн биз Apple өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Бөгөттөө боюнча маселени териштиргиче, биз альтернативдүү вариантты карадык: бардык операциялар tinkoff.ru сайттындагы жеке кабинетте жеткиликтүү. Tinkoff’тун мүмкүнчүлүктөрүн адаттагыдай эле колдоно алышыңыз үчүн биз маселенин башка чечимдеринин үстүндө иштеп жатабыз.

Получилось найти ответ?